Социалдык кызматкерлердин (билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, илим, маалымат жана социалдык кызматкерлер) эмгек акысынын жогорулашына байланыштуу 2022-жылдын апрель айына эмгек акыларды жана Соцфондго чегерүүлөрдү төлөө боюнча финансылык план 7190.7 млрд сом суммасында каралган.
Финансы министрлигинин берген маалыматына таянсак, министрликтерге төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн :
- Билим берүү жана илим министрлигине 4 930.9 млрд сом
- Маданият, маалымат жана спорт министрлиги 383 млн сом
- Саламаттык сактоо министрлиги 183.3 млн сом жана ММК фонду 1265.1 млрд сом
- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 125.4 млн сом.
Социалдык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулаганга чейин 2022-жылдын январь-март айларында орточо айлык муктаждыгы 3 566.7 млрд сом болсо, апрель айында бул 2 эсеге өскөн.