1-майдан баштап КРга келген чет элдик жарандардан ПЦР-тест жана эмдөө сертификаты талап кылынбайт

1-майдан баштап КРга келген чет элдик жарандардан ПЦР-тест жана эмдөө сертификаты талап кылынбайт

1-майдан баштап Кыргызстанга кирүүнү каалган чет элдик жарандардан ПЦР-тест жана эмдөө сертификаты талап кылынбайт. Мындай чечим өлкөнүн коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабынын жыйынында кабыл алынды.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, анда республикадагы коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абал жана калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат угулду.

Ошондой эле президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирдикте калкты эмдөө менен камтууну кеңейтүү жана темпин ыкчамдатуу жана калктын аялуу катмарына басым жасоо менен өлкө калкын коронавирус инфекциясына каршы эмдөө кампаниясын улантуу тапшырылды.

Бирок республикалык штаб билдиргендей, 1-майдан тартып, чет элдик жарандардан ПЦР-тест жана эмдөө сертификаты талап кылынбайт.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери