Улуттук банк доллардын курсунун өйдө-төмөн өзгөрүүсүнүн себебин түшүндүрдү

Улуттук банк доллардын курсунун өйдө-төмөн өзгөрүүсүнүн себебин түшүндүрдү

Улуттук банк доллардын курсунун өйдө-төмөн секириктеринин себебин түшүндүрдү.

«Азыркы учурда биздин өлкөдө өзгөрүлмө алмашуу курс режими иштейт, башкача айтканда валюта курсу чет элдик валютага болгон суроо-талап жана сунуш менен аныкталат. Бул жагынан алганда, белгилүү бир убакыттын ичинде курсу өсүшү да, төмөндөшү да мүмкүн. Бул режим үчүн курстун күнүмдүк өзгөрүшү нормалдуу деп эсептелет.

Акыркы убакта ички валюта рыногунда АКШ долларынын курсунун өзгөрүшү дүйнөдөгү геосаясий кырдаалды эске алуу менен тышкы финансы рынокторундагы белгисиздикке, ошондой эле ички валюта рыногунда чет элдик валютага суроо-талаптын жана сунуштун пайда болушуна көбүрөөк байланыштуу», – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Улуттук банк ички валюта рыногундагы жана тышкы финансы рынокторундагы кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүп, зарыл болгон учурда тиешелүү операцияларды жүргүзүп тураарын айтат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Мальдив аралдары менен Араб Эмираттары — дагы кайсы өлкөлөр кыргызстандыктар үчүн виза режимин жокко чыгарат? 2 февраля 2023 г.    17:49
Мамлекет өзүнө тиешелүү болгон «Каприз» пансионатындагы 28% акциясын сатат — 1 тыйын дивиденд алган эмес 2 февраля 2023 г.    16:49
ММБФ мамлекетке таандык «Керемет банктын» 7% акциясын Улуттук банкка сатууну пландап жатат 2 февраля 2023 г.    16:26
Соцфонд каражаттарын баалуу металлдарга, кагаздарга инвестициялоону көздөөдө 2 февраля 2023 г.    16:04
Ага Хан фонду KICB банкынын дагы 6% акциясына ээ болду 2 февраля 2023 г.    14:03
Тоскоолдуктарга карабастан быйыл республикалык бюджет 503 млрд сомго толот — минкаб 2 февраля 2023 г.    13:43
Баткенге ыктыярдуу чогулган акчадан 188 млн сом калды 2 февраля 2023 г.    12:02
Салык кызматы январь айында 17.8 млрд сом салык чогултту 2 февраля 2023 г.    11:45
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери