Кечээ, 27-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Министрлер кабинети менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген уюму катары БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы гранттык макулдашуу үчүнчү окууда кабыл алынды.
Мындай маалыматты Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов да өзүнүн Facebook баракчасында тастыктап, бул кайтарымсыз гранттык каражат кайда жумшалаарын айтты.
Анын айтымында, долбоордун иш аракети менен 27.6 млн тоннага жакын CO2 эквиваленти сиңирилишине көмөк көрсөтүлөт деп болжолдонууда, алар төмөндөгүлөр аркылуу ишке ашырылат:
- токойлорду калыбына келтирүү – катуу жабыркаган 6 миң гектарбак-дарактарды отургузуу
- 644 миң гектарга жакын бузулган жайыттарды кайра калыбына келтирүү
- 56 миң гектарга жакын токойлорду жакшыртуу
- 90 миңге жакын аярлуу үй-бүлөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу.
Долбоордун негизги максатуу тобу болуп 3 область жана 4 район тандалып алынган:
- Нарын облусунун Ак-Талаа району
- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Сузак райондору
- Ош облусунун Өзгөн району.
Долбоордун аткаруу мөөнөтү 8 жыл. Келишим толугу менен грант каражаты. Гранттын суммасы – 29.9 млн доллар. Аталган макулдашуу долбоору ЖК депутаттары тарабынан 3 окууда кабыл алынды.
«Долбоордук макулдашуунун негизги милдети көмүртекти секвестрациялоону жогорулатуу болуп саналат. Бул токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестицияны колдоо көрсөтүү, ошондой эле жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууда экосистемалык катышууга жана экологиялык багыттагы өсүүгө каралган инвестицияларга негизделген, институционалдык колдоо аркылуу, деградацияны жана абаны булгоочу заттарды пайда кылган факторлорду төмөндөтүү жолу менен жүргүзүлөт», – деди Шерипов.