Январь-март айларында ИДПнын көлөмү 144 млрд сомду түздү – реалдуу өсүү темпи 104.5%

Январь-март айларында  ИДПнын көлөмү 144 млрд сомду түздү – реалдуу өсүү темпи 104.5%

Январь-март айларында ИДПнын көлөмү 144 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 104.5%га жетти. Бул тууралуу кечээ, 25-апрелде Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында Финансы министринин орун басары Мэлс Аттокуров билдирди.

Жыйында 2022-жылдын январь-март айларындагы республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу маалымат берилди.

Финансы министри берген маалыматка ылайык, 2022-жылдын январь-март айларына алдын ала эсептөө боюнча ИДПнын көлөмү 144 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 104.5%ды түзгөн.

«Республикалык бюджетке 51 млрд 301 млн сом белгиленген план менен иш жүзүндө 52 млрд 985 млн сом жалпы киреше түшүп, план 103.3%га аткарылды. Январь-март айларында республикалык бюджеттен жалпы чыгашалардын көлөмү 49 млрд 72 млн сомду түздү», – деди Аттокуров.

Талкууда депутат Камила Талиева баяндамачы көрсөткөн профицитке карабай, «капиталдык салымдар» беренеси боюнча каржылоо баштала электигин сынга алды.

Ошондой эле депутат Надира Нарматованын айтымында, тиешелүү органдар тарабынан координацияланган жана комплекстүү иштердин жоктугунан курулуш жана оңдоо иштеринин башталышы кечеңдеп жатат. Капиталдык салымдардын объектилеринин тизмеси өз убагында бекитилбегендиктен жана финансылык каражаттардын бөлүнүшүнөн улам сапаттуу жумуштарды өз убагында аткарууга мүмкүн болбой жатканын айтты.

Мындан тышкары, комитет мүчөлөрү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн түшүүсүн толук камсыздоо, аларды төлөө боюнча карызды кыскартуу, бюджеттик чыгаша милдеттенмелерин каржылоо, мамлекеттик карызды тейлөө, ай сайын бюджеттин кирешелери жана чыгашалары боюнча кассалык пландоо сапатын жогорулатуу жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу чыгымдоо маселелерине көңүл бурушту.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери