Улуттук банк кечээ, 25-апрелде эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 14% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим бүгүн, 26-апрелден тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди.
Улуттук банк тышкы жана ички экономикалык чөйрөнүн өнүгүү шарттарын эске алуу менен эсептик чен өлчөмүн 14% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты КРда инфляциялык тобокелдиктерди ооздуктоого жана инфляциялык күтүүлөрдү төмөндөтүүгө багытталган.
Негизги чендин бул деңгээли өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына ылайык келет жана экономикада орун алган тобокелдиктер боюнча Улуттук банктын саясатын чагылдырат.
Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму планга ылайык 2022-жылдын 30-майында өтөт.
Эске салсак, Улуттук банк акыркы жолу эсептик ченди 10-мартта өзгөртүп, 10%дан 14%га көтөргөн болчу.