Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы кабыл алды.
Өлкө башчынын маалымат кызматы билдиргендей, Динара Кутманова 12-мартта башталган «Жашыл мурас» программасын ишке ашыруунун жүрүшүнө, республика боюнча экологиялык көзөмөл системасын калыбына келтирүү иштерине жана жер казынасын пайдалануу тармагын өнүктүрүү стратегиясына, атап айтканда, Кыргызстандагы кендерди иштетүүгө мамлекеттин үлүштүк катышуусу боюнча маселелер тууралуу айтып берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Жапаров Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутмановага «Жашыл Мурас» программасын сапаттуу жана өз убагында ишке ашырууну активдештирүү, климаттык инвестиция жана өлкөнүн кендерин иштетүүгө мамлекеттин үлүштүк катышуусу маселелерин чечүү боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.