Кыргызстанда 2022-жылдын январь-март айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7.3%га өсүп, алдын ала эсептөөлөр боюнча 80 млрд 692 млн сомду түздү. Мындай көрсөткүчтөр Улуттук статистикалык комитетинин маалыматында айтылат.
КРнын өнөр жайы Кумтөр кенинин эсебинен жогорку өсүүсүн көрсөттү – кенди эсепке албаганда, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 58 млрд 316 млн сомду гана түзүп, азыраак өсүш көрсөтмөк (+5.3%).
Электр энергиясын өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүү 7.2%га, ошондой эле буу менен камсыз кылуу 2.3%га азайгандыктан, электр энергиясы, газ жана буу менен жабдуунун көлөмү 6%га кыскарды.
Суу менен камсыздоонун, тазалоонун, калдыктарды кайра иштетүүнүн жана экинчилик сырьену кайра алуунун көлөмү калдыктарды жыйноонун, кайра иштетүүнүн, жок кылуунун жана экинчилик сырьену кайра алуунун 24.8%га кыскарышынын эсебинен 8.5%га кыскарды.