Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) түшкөн киреше 28.8%га кыскарып, анын натыйжасында, Кыргызстан 1.5 млрд сом кирешесин жоготкон. Мындай маалыматтар КР Бажы кызматынын билдирүүсүндө атылат.
Ведомствонун маалыматы боюнча, 2022-жылдын январь-март айларына карата Финансы министрлиги тарабынан бекитилген бажы төлөмдөрү болжол менен 14.5 млрд сом өлчөмүндө белгиленген, бул 2021-жылдын ушул мезгилине карата төлөмдөрдөн 1.7 эсеге көп.
Иш жүзүндө, үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында Бажы кызматы тарабынан 14.2 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү түшүп, болжол 98.1%га аткарылган (268.4 млн сом кем), анын ичинде:
- алымсыз (пошлина) бажы төлөмдөрү – 10.6 млрд сом (божомолго караганда +12.7% же +1.2 млрд сом)
- ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алынган алым – 3.6 млрд сом (-28.8% же 1.5 млрд сомго аз түшкөн).