Таалатбек Масадыков президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
«Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Масадыков Таалатбек Шамудинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, КРнын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды», – деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, өткөн жылы 12-июлда Таалатбек Масадыков Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Белгилей кетсек, аталган кеңештин төрагалыгы кызматында президент өзү турат.