Жалпы өлкө боюнча биз кызматка келгенден бери 3106 гектар жер мамлекеттин эсебине кайтардык. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат порталына курган мегинде билдирди.
Жапаровдун айтымында, мурда мамлекеттин жерлери колунда бар жарандарга бекер эле таратылып турган жана учурда алардын баары мамлекеттин менчигине кайтарылып жатат.
«2021-жылы 1124 гектар, ал эми ушул жылдын 4 айында эле 1982 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул – башкы прокуратуранын иши. Ал эми УКМК 146 гектарга жакын жер тилкесин кайтарды.
Бишкекте мурда бекер берилип кеткен көпчүлүк жерлерге кичи райондор салынып, сатылып кеткен экен. Албетте пайдасы менчик чөнтөктөргө кирип, сиңип кеткен. Ал эми курулуш курула элек жерлердин баарын мамлекеттин пайдасына кайтарып алып, ал жерлерге кичи райондорду куруп, Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу 20-25 жылга элге беребиз», – деди Жапаров.