Быйыл 17 тоннанын тегерегинде алтын казып алабыз деп план коюп жатышат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат порталына курган мегинде билдирди.
Бирок президент Кумтөр боюнча азырынча кенен жооп бербей турууну туура көргөнүн, кол коюшкан келишим үч айдан кийин күчүнө кирерин айтты.
«Күчүнө кирер замат, коомчулукка баарын ачыктайм. Жашыра турган эч нерсебиз жок. Калпагыбызды көккө ыргытуу менен кол коюштук. Кыргыз эли үчүн 99% пайдалуу чечим болду. Баарын коомчулукка кийин чечмелеп берем», – деди ал.
Алтын казуу мурдагы жылдарга салыштырмалуу төмөндөп кеткендиги тууралуу маалыматтын чын төгүнүн тастыктап жатып, алтын казуу дайыма эле бир көлөмдө казылбай тургандыгын, ошондой эле казылган алтындын бир граммы да уурдалбай тургандыгын билдирди.
«Бир жерде руданын составында алтын көп болсо, бир жерде аз болот. Ошондуктан бирде көп казылса, бирде аз казылып турат. Быйыл, буюрса, 17 тоннанын тегерегинде алтын казып алабыз деп план коюп жатышат.
Бир грамм алтын уурдай алышпайт. Руда келип фабрикага түшкөндөн баштап, алтын чыгып, Кара-Балтага жеткенге чейин, андан аффинаждалып Улуттук банкка келгенге чейин, бардык жерде он катар күзөтүүлөр, онлайн камералар турат.
Андан сырткары, бир-эки эле киши катышпайт да процесске. Ар бир жерде он чактыдан киши катышып, актыларга кол коюшуп, ар бир граммын жазып, бири-бирине өткөрүп берип турушат. Ал видеолор баары архивде сакталуу болот. Азыр дагы барып, былтыркы ушул күндүн видеосун жана бардык алтындын көлөмүн карап чыксаң болот.
Ал эми сатканын Улуттук банк дүйнөлүк биржага сатып берип турат. Ал дагы архивде калат. Кайсы күнү канчадан сатты. Биржа баасы да көрүнүп турат. Кыскасы, алтын уурдалат деген арам ойдон алыс болушубуз керек. Алтындын ар бир граммы эсеп-чотто турат», – деди президент.