ЕРӨБ Араван, Кара-Суу райондорун таза суу менен камсыз кылууга дээрлик 20 млн евро берет

ЕРӨБ Араван, Кара-Суу райондорун таза суу менен камсыз кылууга дээрлик 20 млн евро берет

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстанга 19 млн 930 миң евро бөлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

КР менен ЕРӨБ ортосундагы кредиттик жана гранттык келишимдерге ылайык, бөлүнүүчү 19 млн 930 миң евро Араван, Кара-Суу райондорундагы ирригациялык системаларды жакшыртууга жумшалат. Ош шаарын бойлой кеткен Ак-Буура каналын модернизациялоо жумуштары да аткарылат.

Бул келишим Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда каралды.

ЖК депутаты Миргүл Темирбаеванын «Парламент» радиосуна берген маалыматына караганда, бул каражаттын 14 млн 130 миң евросу насыя түрүндө берилсе, 3 млн 740 евросу грант болуп эсептелет.

«Иш кызыкчылыгын илгерилетүүдө консультативдик кызмат көрсөтүүлөр үчүн сырттан келген адистердин 20%ы тартылса, калган 80% адис жергиликтүү тажрыйбалуу кадрлардан турат. Мындай консультациялык иштерге, техникалык муктаждыктарга долбоордон 2 млн 60 миң евро бөлүнгөн», – деди депутат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери