Айыл чарба министрлиги бул тармакка кампа күбөлүктөрүн берүүнү сунуштады

Айыл чарба министрлиги бул тармакка кампа күбөлүктөрүн берүүнү сунуштады

Бүгүн, 25-апрелде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Айыл чарба министрлиги продукцияларга кампа күбөлүктөрүн берүүнү сунуштады.

Комитеттин жыйынында «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба продукциясынын кампа күбөлүктөрүн берүү (чыгаруу), жүгүртүү жана сатып алуу эрежелери жөнүндө» макулдашуунун долбоору каралды. Кампа күбөлүктөрү аталган биримдикке кирген өлкөлөр ичинде гана таанылат жана бул каржы инструменти катары да колдонулмакчы.

Келишим кампа күбөлүктөрүн жүгүртүүгө жана сатып алууга бирдиктүү мамилелерди, мамлекеттик сактоонун типтүү келишимине талаптарды, кампага кампа күбөлүктөрүн берүү (чыгаруу) укугун белгилейт. Документ ошондой эле бул чөйрөдө мамлекеттик контролду камсыз кылуунун багыттарын жана кампа күбөлүгүндө камтылууга тийиш болгон милдеттүү маалыматтарды бекитет.

Депутат Султанбай Айжигитов белгилегендей, кампа күбөлүктөрү Мамлекеттик каржы көзөмөл органында гана эмес, товардык биржада да катталууга тийиш, анткени кампа күбөлүктөрү баалуу кагаздардын катарына кирет. Депутат Ырысбек Атажанов дыйкандар кампа, соода-логистикалык борборлорго муктаж экенин баса белгиледи. 

Талкуунун жыйынтыгында, Комитет депутаттардын сунуштарын эске алуу менен бул маселени кайра кароого жөнөттү.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери