Айыл чарба министрлиги кластер эмес, өздөрүнүн адамдары кредит ала турган мини-холдинг түзүп алды – депутат

Айыл чарба министрлиги кластер эмес, өздөрүнүн адамдары кредит ала турган мини-холдинг түзүп алды – депутат

Айыл чарба министрлиги кластер эмес, өздөрүнүн адамдары жеңилдетилген кредит ала турган мини-холдинг түзүп алды. Мындай оюн бүгүн, 25-апрелде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирди.

Анын айтымында, Айыл чарба министрлиги жеткиликтүү иш алпара албай жатат.

«Эксперттер жарабайт булардын иштегени деп айтып жатат. Азыр алар иштеп чыккан ал кластер эмес, алар жөн гана өздөрүнүн адамдары жеңилдетилген кредиттерди алуу үчүн мини-холдинг түзүп алышты. Булар айыл-чарбаны жарга алып кетип жатышат», – деди депутат.

Эскерте кетсек, Агроөнөр жай тармагын насыялоо үчүн бөлүнгөн 10 млрд сомду ала турган компаниялардын тизмесин депутат Эльвира Сурабалдиева өзүнүн твиттер баракчасында жарыялаган болчу.

Анда ал жеңилдетилген насыя ала турган компаниялардын арасында өкмөт мүчөлөрүнүн, депутаттардын фирмалары бар экенин айткан. Сурабалдиеванын айтымында, кайра иштетүүчү 73 ишканага 3.8 млрд сом насыя берүү каралган.

Бүгүнкү комитеттин жыйынына Айыл чарба министрлиги ЕАЭБдин алкагында, айыл-чарбаларга кампа күбөлүктөрүн чыгаруу, жүгүртүү жана сатып алуу боюнча макулдашуунун эрежелери тууралуу долбоорду сунуштап жатат. Кампа күбөлүктөрү аталган биримдикке кирген өлкөлөр ичинде гана таанылат жана бул каржы инструменти катары да колдонулмакчы.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери