Садыр Жапаров бийликке келгенден бери сырттан 467 млн доллар кредит алынды

Садыр Жапаров бийликке келгенден бери сырттан 467 млн доллар кредит алынды

2020-жылдын октябрынан бери кыргыз бийлиги эл аралык өнөктөштөр менен 466.8 млн долларлык кредиттик келишимдерге кол койгон. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

«2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин эл аралык өнөктөштөр менен 758.3 млн доллар суммасында келишимдер түзүлдү, анын 291.5 млн доллары гранттык каражаттар, 466.8 млн доллары насыялар», – деп айтылат министрликтин маалыматында.

Ошол эле учурда Финансы министрлиги акыркы жылдары 1 млрд долларга кредиттик келишимдерге кол коюлганы тууралуу «социалдык тармактардын айрым колдонуучулары тараткан» деген маалыматты четке какты.

Финансы министрлиги КР кирешеси аз, өнүгүп келе жаткан өлкө экенин эске алып, донорлор «өтө жеңилдетилген шарттарда насыя берип жатканын» кошумчалады.

«Белгилей кетүүчү нерсе, каражаттар негизинен өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, атап айтканда: жергиликтүү жана эл аралык жолдорду жакшыртууга; энергетика тармагын реформалоо; социалдык мекемелерди куруу, ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү; таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, ошондой эле республиканын ирригациялык системасын жакшыртууга бөлүнүүдө», – деп билдирди Финансы министрлиги.

Ошондой эле каржылык жардам өлкөнүн фискалдык жана акча-кредит саясатын колдоо үчүн бюджеттик колдоо түрүндө көрсөтүлүп жатканын кошумчалашты.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жетти, ал эми MBANK тиркемеси 3 миллион жолу жүктөлдү! 31 января 2023 г.    19:44
Кыргызстанда 1 млн жаш бала өтө жакырчылыкта жашайт 31 января 2023 г.    18:00
Тарыхый көрсөткүч: өткөн жылы КФБда 18.6 млрд сомдук бүтүм түзүлдү 31 января 2023 г.    17:30
БУУ Япония менен бирге Баткенде 25 миң адамга азык-түлүк берди 31 января 2023 г.    16:48
Ошто коррупцияны жоюу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна 108 байкоо камералары орнотулат 31 января 2023 г.    16:30
Министрлер кабинетинин «Кумтөрдөгү» алтынды биринчилерден болуп сатып алууга артыкчылыктуу укугу бар 31 января 2023 г.    16:00
Швейцария өкмөтү КРнын энергетика тармагына 8 млн доллар грант берет — кол коюлду 31 января 2023 г.    15:18
Улуттук банк накталай доллардын жетишсиздигинин себебин айтып, бирок азыр эч кандай көйгөй жоктугун билдирди 31 января 2023 г.    14:40
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери