Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев Германиянын Commercial Invest Holding жана KVL International GmbH компаниясынын КМШ өлкөлөрү боюнча консорциумунун аймактык директору Бешим Аннамов менен жолугушканын палатанын басма сөз кызматы билдирди.
Бешим Аннамов белгилегендей, германиялык компания экономиканын түрдүү тармактарына, тагыраак айтканда, үйлөрдү, жолдорду, фабрикаларды куруу, каржы базарларына катышуу (акциялар, облигациялар), билим берүү, өнөр жай, энергетика, текстиль жана тигүү өндүрүшү, экология, кайра иштетүү, авиация тармактарына инвестиция салууну көздөйт.
Компаниянын негизги долбоорлоруна Катарда 2022-жылы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү үчүн стадиондун курулушу жана 3.5 млрд долларлык Франкфурт-на-Майне шаарындагы аэропорттогу 30 терминал кирет.
«Бүгүнкү күндө Commercial Invest Holding жана KVL International GmbH 700 долбоорго инвестиция салышты, анын 80 КМШ өлкөлөрүндө жана ошондой эле Россия, Казакстан, Азербайжан, Грузияда да бар. Казакстан германиялык мугалимдер менен кошо немис үлгүсүндөгү диплом берген технологиялык университет ачууну сунуштады», – деп айтылат маалыматта.