Жасалма АКШ долларын ташуу жана сатуу боюнча эл аралык каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
21-апрелде Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Жалал-Абад облусунда 1983-жылы туулган Ж.М.Ж. 11.5 миң жасалма АКШ долларын сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды.
Тактап айтканда, Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрү чет мамлекеттердин биринен алынып келинген жасалма АКШ долларын сатуу боюнча туруктуу эл аралык канал түзүшкөнү боюнча маалыматтар түшкөн.
Кармалган Ж.М.Ж. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.