Швейцария Кыргызстандагы улгайган адамдарды колдоо үчүн 473 миң доллар бөлөт

Швейцария Кыргызстандагы улгайган адамдарды колдоо үчүн 473 миң доллар бөлөт

Швейцария өкмөтү карыларды жана өзгөчө муктаждыктары бар адамдарды колдоо үчүн 473 миң доллар (азыркы курс боюнча 39 млн сомдон ашык) бөлөт. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматында айтылат.

Элчиликтин берген маалыматына ылайык, 20-апрелде Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын КРгы директору Кодзиро Накай менен бирге Чүй облусундагы эки социалдык стационардык мекемеде болду.

Бангертердин айтымында, Швейцария 1200гө жакын адамдын (анын ичинде карылар жана өзгөчө муктаждыктары бар) жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн 473 миң доллар бөлүп жатат.

Бул долбоор Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БДП) тарабынан Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта ​​ишке ашырылат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери