Кыргыз-казак чек арасына жакын жерде экспортерлордун товарларынын коштоочу документтери текшерилет

Кыргыз-казак чек арасына жакын жерде экспортерлордун товарларынын коштоочу документтери текшерилет

КР Салык кызматынын, ИИМдин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана Чек ара кызматынын кызматкерлеринен турган жумушчу топ «Ак-Тилек» контролдук-өткөрмө пунктуна жакын айланма жолдо экспорттоочулардан ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө ташылуучу товарлардын зарыл болгон коштомо документтеринин (ЭЭФ) болушун текшеришет.

«Бул иш-чара КР менен Казакстандын мамлекеттик чек арасынын өткөрмө пункттарында жүк ташуучу унаалардын (АТК) тыгынына жол бербөө максатында жүргузүлөт», – дейт Салык кызматы.

Мындай чечим КРдан Казакстандын аймагы аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө транзит менен ташылуучу товарларга карата электрондук эсеп-фактуралар болгон учурда жүк ташуучу унааларды Казакстандын мамлекеттик кирешелер комитети тарабынан контролдук текшерүү иш-чараларын жүргүзбөстөн, тоскоолдуксуз өткөрүү жөнүндө макулдашуунун алкагында кабыл алынган.

КРдан Казакстанга ЭЭФте көрсөтүлбөгөн импорттолуучу товарлар аныкталган учурда, Казакстандын салык кызматы транспорт каражатын КРнын аймагына кайтаруу чараларын көрөт.

Ошол эле учурда, ЭЭФте көрсөтүлбөгөн товарларды аныктоо инспекциялык текшерүү комплексинин жардамы менен жүргүзүлүшү мүмкүн, мында транспорттун жүк салынган бөлүгүн ачуу зарылдыгы жокко чыгарылат.

Мамлекеттик салык кызматы КРдан товарларды ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө экспорттоодо ташылуучу товарга карата QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактурасы болушу керектигин эскертет.

QR коду бар ЭЭФнын болушу жүк ташуучуларга Казакстан мамлекеттик кирешелер комитети тарабынан контролдук текшерүү иш чарасынан кутулууга жана Казакстанга жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө товарларды эркин жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери