КРда быйыл I кварталда 990 миңден ашык жаран аба каттамын колдонду

КРда быйыл I кварталда 990 миңден ашык жаран аба каттамын колдонду

«МЭА» ААК 2022-жылдын 3 ай аралыгында 990 миңден ашык жүргүнчүнү тейледи. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 62% көбөйгөн. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын маалымат кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы 2022-жылдын 3 ай аралыгында 993 миң 65 жүргүнчүнү тейлеген. Алардын 380 миң 906 ички каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзсө, эл аралык каттамды – 612 миң 159 жаран колдонгон.

1-январдан 31-мартка чейин 9 миң 56 каттам ишке ашырылган. Алардын 5 миң 824 – эл аралык, 3 миң 232 – ички каттамды түзгөн.

Эл аралык «Манас» аэропорту 5 миң 786 каттамды тейледи. Алардын 1 миң 665 – ички, 4 миң 121 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 553 миң 579 кишини түздү. Алардын 191 миң 554 – ички, 362 миң 25 – эл аралык.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 89 каттамды тейледи. Алар: 16 – ички, 73 — эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 10 миң 208 кишини түздү. Алардын 8 – ички, 10 миң 200 – эл аралык багытта.

«МЭА» ААКнын Ош филиалы 3 миң 181 каттамды тейледи. Алардын 1 миң 551 – ички, 1 миң 630 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 429 миң 278 кишини түздү. Алардын 189 миң 344 – ички, 239 миң 934 – эл аралык багытка туура келет.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери