Биринчи лифт заводун Кыргызстанда кантип ачтым – Рахат Жунушбаева менен маек

Биринчи лифт заводун Кыргызстанда кантип ачтым – Рахат Жунушбаева менен маек

Рахат Жунушбаеванын окуясы өзгөчө. Лифт жабдуулар тармагында 13 жыл эмгектенип, Кыргызстандын кичине рыногуна түштүк кореялык гигант Hyundai Elevator компаниясынын дистрибьютор-компаниясын ачып, быйыл жазында өлкөдө биринчи болуп, жеке лифт өндүрүшүн ишке киргизди.

Жеке ишкер айым Economist.kg басылмасына пандемия маалында долбоорлорду ишке киргизүү, амбициялуу пландары жана Кыргызстандагы аялдар бизнеси тууралуу айтып берди.

Айтыңызчы, өлкөдөгү биринчи лифт чыгаруучу заводду, болгондо да пандемия учурунда кантип ишке киргиздиңиз?

Долбоорду ишке киргизүүнү пандемиядан бир нече жыл мурда эле ойлоно баштаган болчубуз. Бизнес-план да жазып, Корея менен Кытайдан келген өнөктөштөр менен кеңешип, алардын өндүрүш тармагына бир нече жолу барып келгем. Тилекке каршы, долбоорду ишке ашыруу пандемияга туш келип калды.

Бул абдан кыйын болду. Кээде бул долбоорду ишке ашыра аламбы деп күмөн санап, баш тарткым да келген учурлар болду. Анткени чек аралар жабылып, эки негизги техникабыз чек арада бир жылдай туруп калды.

Биз бул маселени чече албай же эч кандай таасир эте алган жокпуз. Күткөндөн башка аргабыз калган жок. Анан калса, пандемиядан улам соода-сатык да кыскарып кеткен болчу.

Долбоордун башында каражат жетиштүү эле болчу. Биз жарым жылдын ичинде заводду куруп, ишке киргизебиз деп пландаганбыз, бирок долбоор дээрлик эки жылда ишке ашты. Бул убакта баары кымбаттап да кетти. Бирок аны бүтүрүү үчүн кошумча каражат таптык. Долбоорду ишке ашыруунун бүт процесси биз үчүн абдан оор болду, бирок биз багынган жокпуз.

Азыр өзүңүзгө кандай пландарды коюп жатасыз?

Өндүрүштө оңой-олтоң иш жок. Жөн гана алып келип, үстүнө акча кошуп сатып койгон – мына, ошол оңой, дароо киреше көрөсүң.


Биздин өндүрүш – бул продукцияны иштеп чыккандан баштап, аны сатууга жана орнотууга чейин созулган өтө узак жана татаал технологиялык процесс. Биздин биринчи максатыбыз ишке ашты – курулушту бүтүрүп, заводду ишке киргизип, буйрутмаларды кабыл ала баштадык.

Азыр биздин алдыбызда биринчиден да татаал экинчи милдет турат – ЕАЭБ жана Борбор Азиянын рынокторуна чыгуу.

Биз өзүбүздүн рынокто белгилүү элебиз, биздин компетенциябызга ишенишет, ал эми башка жакта болсо, биз баарын нөлдөн баштап далилдешибиз керек болот. Бул да абдан кыйын. Үчүнчүдөн, биз өзүбүздү көп тармактуу завод катары позициялап жатабыз, лифт чыгаруу менен эле токтоп калбай, кошумча продукцияларды, эл керектөөчү товарларды чыгаргыбыз келет. Учурда биз жаңы өнүмдөрдү иштеп чыгуунун үстүндө иштеп жатабыз. Биз азыр брондолгон жана жылма эшиктерди сунуштап баштадык.

Азыркы кризистен корккон жоксузбу?

Ар бир кризис – бул жаңы мүмкүнчүлүк. Кандай гана кыйын кырдаал болбосун, андан чыгуунун жолдорун издөө керек. Казакстан, Өзбекстан биздин продукцияга кызыкдарлыгын билдиришүүдө. Азыр Сибирден да фирмалар биздин заводго келүүгө кызыгып жатышат. Биз бул мүмкүнчүлүктү колдонушубуз керек. Кыргызстандын рыногу кичинекей, чектелүү, өзгөчө көтөрүүчү механизмдерге өтө көп талап жок.

Эми биздин күчүбүздүн 50% ички рынокко, 50% тышкы рынокту өздөштүрүүгө багытталат.

Ооба, курулуш рыногу бир аз туруп калды, бирок биз Кыргызстанда кризисте жашаганга көнүп калбадыкпы, көп жылдардан бери жашап келебиз, андыктан бул биз үчүн жаңылык деле эмес.

Кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатасыз?

Техникалык адистердин жетишсиздиги абдан чоң кадрдык коллапс болууда. Бул билим берүү системасынын катасы. Мына ушул отуз жылдын ичинде кадрларды максаттуу даярдоо болгон эмес. Алар бар, бирок абдан аз. Мындай адистерди даярдоого билим берүү тармагын багыттоо али да кеч эмес деп ойлойм.

Биз өзүбүз кызматкерлерди окутууга, акы төлөнүүчү стажировкалардан өткөрүүгө, башка өлкөлөрдөн адистерди тартууга аракет кылып жатабыз. Биз бардыгын нөлдөн баштап үйрөтүшүбүз керек, бул алты айдан бир жылга чейин созулат. Бирок биздин бизнес бир жылдык эмес – 13 жылдан бери иштеп келе жатат жана мындан да көп убакыт иштөөнү пландап жатабыз. Бул дагы мамлекетке салым кошуу, бул дагы инвестиция.

Ошондой эле биз меморандумдарга кол койдук, алардын базасында адистерди даярдоо үчүн кесиптик лицейлердин класстарын жабдыктар менен камсыз кылдык. Биз токтоп калбашыбыз керек, азыр колледждер, техникалык университеттер менен меморандумга кол коюу пландарыбыз бар.

Келиңиз, сиз жөнүндө да сүйлөшөлү. Сиз дайыма эле бизнес менен алектенгиңиз келчү беле?

Мен ар дайым жакшы окууга жана дагы бир нерсеге жетишүүгө аракет кылып келем. Университетти аяктагандан кийин мамлекеттик кызматкер болсом деп кыялданчумун. Анан турмушка чыктым, үй-бүлөнү, балдарды багуу керек болду. Ал эми мамлекеттик кызматты кыялдансам да, үй-бүлөлүк шартта күйөөм менен кошо иштеп, анын бизнесин колдоо керек болду. Ал кезде бизнес менен көбүрөөк мажбур болгонумдан алектендим.

Көпчүлүк аялдар бизнеске муктаждыктын айынан келишет. Ар бир аял балдарынын татыктуу билим, жакшы нерселерди алышын каалайт. Балким, үй-бүлөгө, балдарга кам көрүү – бул табияттан аялга мүнөздүү сапаттыр. Бирок бул өтө күчтүү стимул, күчтүү мотивация берет.


Мындан он беш жыл мурда биз аялдардын ишкердиги эмне экенин ойлочу да эмеспиз. Бул жөн эле жумуш, үй-бүлөнү багуунун бир жолу деп ойлочубуз.


Ал кезде эч кимден колдоо күтчү эмеспиз, азыр өзгөчө акыркы үч-төрт жылда аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан да, коом тарабынан да чоң көңүл бурулуп жатат.

Өткөн маектериңиздин биринде бизнесте өз ордуңузду издөөгө он жыл сарптадым деп айтыпсыз. Бул жылдар сизге эмнени үйрөттү?

Ар бир адам ката кетирүүгө жана ошол каталардын негизинде жыйынтык чыгарууга, андан тажрыйба алууга укуктуу. Мен ошол кездеги өзүмө азыр билим алууга көбүрөөк убакыт бөлүүгө кеңеш берет элем. Балким, ошол кезде бизнес тармагында, менеджмент багытында билим алсам, бул жол кыскараак жана жеңилирээк болмок.

Маанилүүсү, мектепте же университетте билим алган боюнча токтоп калбаш керек. Жашоонун, өнүгүүнүн ар бир этабында белгилүү бир билим талап кылынат. Бул каржы тармагындабы, психологияда болобу же балдарды тарбиялоодобу, бүт тармакта керек болот. Ар бир этапта, мүмкүн болушунча көбүрөөк билим алууга аракет кылыш керек. Алар идеяларды ишке ашырууга, андан ары өсүүгө жардам берет.

Сиз үй-бүлөлүк зомбулукка каршылыгыңызды активдүү көрсөтүп турасыз. Сиздин оюңузча, аялдардын ишкердиги бул көйгөйдү чечүүгө жардам бере алабы?

Бул биздин коомдун абдан глобалдуу, өтө сезимтал маселеси. Бир жагынан ал бар, экинчи жагынан бул тууралуу ачык айтпайбыз, маселени жаап коебуз. Мен деле үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгонумду жашырбайм.

Баары аял өзү күнөөлүү деп көнүп калышкан, себебин жабырлануучудан издешет. Бул тууралуу айтуудан уялганыбыз – аялды ого бетер депрессияга түртөт. Ал баарын өзүнө сактап, эл алдында баары жакшы, баары идеалдуу экенин көрсөтүүгө аракет кылганда, бул аны кайрадан өтө катуураак зомбулукка дуушар кылат.

Менин үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук тууралуу ачык айта алганым, экинчиден, багынбай, өз идеяларымды ишке ашырып, ийгиликтүү ишкер боло алганым, менин тажрыйбам башкаларга мисал болсун.

Финансылык жактан көз карандысыз аял ажырашкандан кийин да өзүн жана балдарын татыктуу жашоо, татыктуу келечек менен камсыздай алат.

Билимдүү аял кандайдыр бир деңгээлде зомбулукка каршы тепки бере алат.


Ошондуктан биз аялдардын билимдүү жана финансылык жактан көз карандысыз болушуна жардам беришибиз керек. Ал эми аялдардын ишкердигин өнүктүрүү – бул ага жардам берген инструменттердин бири деп эсептейм.


Сиз Ысык-Көл облусунда дагы бир долбоорду ишке ашырып жатасызбы?

Мен аймактардагы ишкер айымдар менен тез-тез байланышып турам, жолугушуулардын биринде ал жердеги ишкерлер тигүү фабрикасын ачууга жардам сурап кайрылышкан. Алар үйдө экиден-үчтөн иштешип, көбүнчө жумушсуз отурушат – буйрутма алыш кыйын, айлык маянасы аз болуп жатканын да айтышкан эле.

Бактыга жараша, бизди акимчилик, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү колдоп, фонддон акча бөлүп беришти. Биз бул долбоорду баштадык. Азыр 80ге жакын аял окушту. Алар эртерээк жумушка чыгуу үчүн фабриканы тезирээк ишке киргизүүнү күтүп жатышат. Бул айылдарда аялдар арасында жумушсуздук маселеси абдан курч экенинин көрсөтүп турат.

Биз ишканалардын аймактарда да ачылуусуна жардам беришибиз керек. Биз борбор шаарларда эле бизнести топтоп алып, аймактар ​​бош бойдон калууда.

Сиз көп нерсени башыңыздан өткөрүпсүз, багынбай, максаттарыңызга карай кадам таштоого эмне жардам берет?

Бул көбүрөөк адамдын мүнөзүнөн. Мен багынганды жаман көрөм. Алдыма максат койсом, бул максаттарым менен койгон пландарымды ишке ашыруу үчүн ар кандай жолдорду издейм.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Чек арада куралдуу кол салуудан жабыркаган Баткен облусунун тургундарын колдоого 54.8 млн сом түштү 19 сентябрда 2022 г.    16:15
Баткен облусуна жалпысынан 584 тонна гумжардам жеткирилди – ӨКМ 19 сентябрда 2022 г.    15:29
Баткен облусунда абал туруктуу, бирок чыңалуу сакталууда – ИИМ 19 сентябрда 2022 г.    14:47
Кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга мамлекетте каражат бар – президент элге кайрылды 19 сентябрда 2022 г.    13:35
ӨКМ Баткендеги куралдуу кагылышуудан канча объект жабыркаганын билдирди 19 сентябрда 2022 г.    12:38
Энергетиктер Баткен облусунда электр энергиясын калыбына келтирүүнү улантышат 19 сентябрда 2022 г.    11:48
Баткен облусунун жабыркаган тургундарына жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке 26 млн сомдон ашык каражат түштү 19 сентябрда 2022 г.    11:30
КР менен Тажикстандын ИИМ өкүлдөрү чек ара тилкесин күнү-түнү биргелешип күзөтүшөт 19 сентябрда 2022 г.    10:59
Все новости
НБ КР
USD 81.05
EUR 80.70
RUB 1.33
Моссовет
USD 82.51
EUR 83.16
RUB 1.37

Конвертер валют