Дүйнөлүк банк Кыргызстанга Баткен облусун өнүктүрүү үчүн бөлгөн 50 млн доллардын жарымы муниципалдык инфраструктураны жана калкты тейлөөнү колдоого жумшалат. Бул тууралуу Экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди.
Ал кечээ 20-апрелде Вашингтондо КР менен Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосунда Баткен облусунда «Экономикалык аймакты өнүктүрүүнүн экинчи долбоору» боюнча каржылык макулдашууга кол коюлганын эске салды. Долбоор 2022-жылдан 2027-жылга чейин ишке ашырылат.
Долбоор 5 компонентти ишке ашырууну карайт.
- Биринчи компоненттин алкагында 24 млн долларга (бөлүнгөн каражаттардын дээрлик жарымы) муниципалдык инфраструктураны жана негизги мамлекеттик кызматтарды колдоо боюнча иш-чаралар каржыланат.
- Экинчи компоненттин алкагында 21 млн доллар агроазык-түлүк кластерлерин бекемдөөгө бөлүнөт.
- Үчүнчү компоненттин алкагында жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө дем берүү үчүн 2 млн доллар өлчөмүндө чакан гранттар берилет.
- Дүйнөлүк банк күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүүнүн төртүнчү компонентине каражаттарды кайра бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүн да караган.
- Бешинчи компоненттин алкагында долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү үчүн 3 млн доллар каралган.