26-майда Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форумга даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын расмий өкүлү Ия Малкина брифингде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Анын айтымында, форум Биримдиктин мамлекет башчыларынын катышуусу менен өтөт.
Иш-чарада глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорунда евразиялык интеграциянын стратегиялык өнүгүү келечеги, финансы рыноктору жана өнүктүрүү институттары: макроэкономикалык туруктуулуктун мүмкүнчүлүктөрү жана экономикалык өсүштүн чекиттери темалары талкууланат.
Ошондой эле өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси Союздун экономикалык өсүшүнүн кыймылдаткычы, Экономикалык өнүгүүгө жана интеграцияга көмөктөшүү үчүн энергетикалык жана транспорттук инфраструктура меселеси каралмакчы. Мындан сырткары, ЕАЭБ санариптик күн тартиби жана биримдикте кызматташуунун жаңы багыттары талкууга алынат.