Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы 100% акциясын мамлекеттик менчикте сактоо менен «Кыргыз почтасы» ААК болуп кайра уюштурулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге почта байланышын, анын ичинде банктык терминалдарга окшош атайын терминалдарды пайдалануу менен жарандарга пенсияларды жана жөлөкпулдарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана спектрин кеңейтүү үчүн кол коюлган.
Ошондой эле бул чечим потенциалдуу стратегиялык инвесторлордон түз инвестицияларды тартууга шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.
«Кыргыз почтасы» ААК «Кыргыз почтасы» МИнин укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленген. Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасын акционердик коомго өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралардын комплексин белгиленген тартипте ишке ашыруусу тапшырылган.
Өзгөртүп түзүлгөн «Кыргыз почтасы» ААКтын акцияларын фондулук биржада ажыратууга тыюу салуу белгиленди. Кабыл алынган чечим Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген 2020-2022-жылдарга КРда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына шайкеш келгендиги маанилүү, деп билдиришти минкабдан.