Бүгүн, 19-апрелде Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Азия өнүктүрүү банкы менен КР Министрлер кабинетинин ортосундагы кредиттик макулдашуу боюнча Финансы министрлигинин орун басары Мэлс Аттокуров баяндама жасады.
Анын берген маалыматына ылайык, алынган кредитке борборго 120 даана энергия үнөмдөөчү электр автобустары, 3 жылдык керектелүүчү тетиктер, эвакуатор кошо алынат.
«Бул 56 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен 25 млн доллары кредит катарында, 25 млн доллары грант катарында берилет. Ал эми 8.9 млн доллары өкмөттүн каржылоосу болуп саналат.
Долбоордун кредиттик бөлүгү төмөнкү шартта берилет: 32 жылга, анын ичинен 24 жылы кредиттик мөөнөт болуп эсептелинет, жеңилдетилген мезгил 8 жыл. Жалпысынан бул жеңилдетилген кредит категориясына кирет. Пайыздык чени жеңилдетилген 8 жылга 1%дык өлчөм менен, ал эми мөөнөтү аяктагандан кийин 1.5% менен төлөнөт», – деди Аттокуров.
Эскерте кетсек, Кыргызстан борборго 250 автобус сатып алуу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан да 25 млн евро алат. Бул алына турган кытайлык автобустарга Кыргызстан ЕРӨБгө жыл сайын 2.8 млн евродон кредит төлөйт.