Бүгүн, 19-апрелде Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Азия өнүктүрүү банкы менен КР Министрлер кабинетинин ортосундагы кредиттик макулдашуу боюнча долбоор каралды.
Ага ылайык, борборго алына турган 120 даана энергия үнөмдөөчү электр автобустарына Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 56 млн доллар алат. Анын 25 млн доллары кредит катарында, 25 млн доллары грант түрүндө берилет.
Вице-мэр Бактыбек Абдиевдин берген маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Бишкекте 185 даана троллейбус жана 85 автобус бар, андан тышкары, 1200-1500 микроавтобустар жүрөт. Учурда борборго чоң габариттеги 1200 автобус жетишпейт. Вице-мэр шаардын экологиясына карап электр автобустарын алуу каралып жатканын жана алына турган кредиттин төлөө мөөнөтү жөнүндө айтты.
«Алынган кредитти декабрда жана июнь айларында эки транш менен төлөйт экенбиз, ошентип 2053-жылга чейин кутулганга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Автобустардын мүнөздөмөсүнө келсек, узундугу 11-12.5 метрлик, 28 орундуу болот, эксплуатациялык мөөнөтү 16 жыл», – деди Абдиев.
Ошондой эле ал акыркы жылдары 2013-жылы 79, 2018-жылы 52 троллейбус алынганын жана алардын карызы 2025-жылы бүтөөрүн, жылына ал үчүн 75 млн сомдон мэрия төлөп берип жатканын кошумчалады.