Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында Кыргызстанда дүң жана чекене сооданын өсүүсү 6.7%ды түздү. Бул мезгилде өлкөдөгү ишкерлер 112 млрд 437 млн сомдук (азыркы курс боюнча 1.38 млрд долларга жакын) соода жүргүзүшкөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.
Аталган отчеттук мезгилде дүң соода 11.8%га өскөн. Чекене соода кылгандардыкы болсо 7.3%га көбөйгөн.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын январь-февраль айларында ушул эле мезгилге салыштырмалуу дүң жана чекене сооданын көлөмү 11.9%га кыскарган болчу.