Улуттук банк КРда акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди.
Улуттук банктын билдиргенине караганда, өзгөртүүлөр убактылуу мүнөзгө ээ жана КРнын аймагына эл аралык акча которуу системасы боюнча которулган акчанын валютасына карата талаптарды белгилейт.
«Акча которууну жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында алса болот. Которулган акчаны башка валютага конвертациялоо КРнын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Которулган акчаны алып /жөнөтүп жаткан учурда ал КРнын аймагында турган алуучунун/жөнөтүүчүнүн макулдугу менен нак эмес ыкма менен конвертацияланышы мүмкүн», – дейт регулятор.
Ошондой эле Улуттук банк КРнын аймагындагы төлөм системалары штаттык режимде иштеп жатканын жана бул өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу максатында кабыл алганын белгилейт.