Баткендин тургундары президентке кайрылышты – насостук станция жарылып, сугат суу жок, эгиндер куурап жатат

Баткендин тургундары президентке кайрылышты – насостук станция жарылып, сугат суу жок, эгиндер куурап жатат

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургундары чек арадагы айылда көйгөй үстүнө көйгөй кошулганын, тагыраак айтканда, сугат суунун жоктугунан улам дыйкандар быйылкы түшүмдөн кол жууп калышарын айтып президентке, Айыл чарба министрине кайрылуу жолдошту.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айыл өкмөттү суу менен камсыздаган насостук станциянын 4 метр түтүгү жарылып, суу тартыш болуп жатканын, маселе тезирээк чечилбесе, дыйкандар быйылкы түшүмдөн кол жууп калышарын айтышат.

Алар губернаторго да, райондун акимине да кайрылышкан, бирок эч кандай натыйжа болгон эмес.

«Биздин климат өтө ысык келет. Ансыз деле жыл сайын сугат суу тартыш. Бирок быйыл түтүк жарылып, аны бүтөгөн менен суунун басымы аз болуп, сугат мезгили өтүп баратат. Биз бул маселе боюнча райондун акимине, облус губернаторуна кайрылдык. Азырынча майнап чыга элек. Эми Айыл чарба министрине кайрылып, биздин сугат суу көйгөйүбүздү чечсе дейбиз. Анткени марттын аягында сугарыла турган эгинге азыркыга чейин суу бериле элек. Буудайларыбыз күндүн ысыгынан баш ала баштады», – деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле дыйкандар мамлекеттен Өзбекстандан келген буудай үрөнүн себишкенин, эгер түшүм алынбай калса, насыя төлөө да оор болорун билдиришти.

https://www.youtube.com/watch?v=Q61dAOzKa_M

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Марко Поло тоо аркарына, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды 26 января 2023 г.    11:34
Швейцария берген 9 млн доллар Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарына бөлүнөт 26 января 2023 г.    11:25
Алгачкы төлөмгө каражаты жок жарандар «Кепилдик фонддун» колдоосу менен үй алышса болот 26 января 2023 г.    11:05
Өткөн жылы мыйзамдуу эмгек миграциясына 12 миң жаран кеткен — үчтөн бири аялдар 26 января 2023 г.    10:47
Дүйнөлүк банк КР менен иштешүүгө даяр — жакынкы беш жылда 600 млн доллар берет 26 января 2023 г.    10:37
Азия өнүктүрүү банкы Бишкектеги жол кыймылынын пилоттук долбоорун сунушташты 26 января 2023 г.    10:14
Кыргызстанда эң коррупциялашкан деп Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ жана Мамкурулуш аталды — РЕЙТИНГ 26 января 2023 г.    9:27
Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөшүүдө 26 января 2023 г.    9:10
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери