Малчылар чийки сүттүн литрин 36 сомдон өткөрүшөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Сүт палатасынын жетекчиси Нурбек Джыргалбаев Kaktus.media порталына билдирди.
Анын айтымында, кээ бир чийки сүт өндүрүүчүлөр сүттү чогултуп, муздатып, анализдеп, сорттоп, ташып, литрин 42 сомдон сүттү кайра иштетүүчү ишканаларга тапшырышат.
Порталдын маалыматына таянсак, буга чейин редакцияга сүт өндүрүүчүлөр, тагыраак айтканда мал карамагандар сүттүн кийинки партиясын сүт чогултуучулар 33 сомдон алабыз деп жатышканын, ошол эле убакта дүкөндөрдө анын баасы 60-80 сомго жеткенин айтып, арызданышкан.
Ал эми Сүт палатасынын жетекчиси сүт чогултуучулар сүт базарындагы баага, ошондой эле рынокто сүткө болгон суроо-талапка жана сунушка, керектөөчү үчүн сүт азыктарынын акыркы наркына таасир эте албай тургандыгын билдирген.
«Алардын чыгымы литрине 6 сомдон туура келет. Сүт жыйноочулар чекене же дүң соода түйүндөрү аркылуу сүт азыктарын кайра иштетүү, өндүрүү, сертификациялоо жана андан ары сатуу процессине катышпайт жана ошондуктан керектөөчү үчүн текчелердеги продукциянын акыркы наркына таасир этпейт», – деди Сүт палатасынын жетекчиси. .