Германиянын өнүктүрүү банкы Кыргызстанга агрофинансылык секторду өнүктүрүүгө 10 млн евро грант берет

Германиянын өнүктүрүү банкы Кыргызстанга агрофинансылык секторду өнүктүрүүгө 10 млн евро грант берет

Германиянын өнүктүрүү банкы Кыргызстанга агрофинансылык секторду өнүктүрүүгө грант бөлдү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

2022-жылдын 6-апрелинде КР менен Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) ортосунда агрофинансылык секторду колдоо үчүн 10 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

«Аталган «Агрофинансылык кошумча нарк чынжырчасы, 2-фаза» долбоорунун максаты – тандалган коммерциялык банктар аркылуу техниканы жаңылоо жана заманбап технологияларды колдонуу үчүн жергиликтүү валютада узак мөөнөттүү айыл чарба инвестициялык кредиттерин алууга фермерлерге жана ишканаларга көмөк көрсөтүү болот», – деп айтылат билдирүүдө.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери