КРда иш менен камсыз кылуу кызматына атайын катталган жумушсуз жарандардын саны 2022-жылдын февраль айынын аягына карата 76.5 миңди түздү. Бул тууралуу Евразия экономикалык коммиссиясынын маалыматында айтылат.
Иш менен камсыз кылуу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2022-жылдын февраль айынын аягында ЕАЭБ өлкөлөрүндө 984.6 миң адамды, же жумушчу күчүнүн 1.1%ын түзгөн.
2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жумушсуздук ЕАЭБде 61.6%га кыскарган.
Жумушсуз жарандардын санынын көптүгү боюнча биринчи орунда Россия (682.8 миң), андан кийин Казакстан (161.9 миң), үчүнчү орунда Кыргызстан (76.5 миң) турат.
Белгилей кетсек, бул өлкөлөрдүн калкынын саны менен түшүндүрүлөт жана бул расмий маалымат.