Эң көп курулуш тармагы көмүскө экономикада иш жүргүзөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети тарабынан уюштурулган Пенсиялык системаны реформалоо боюнча парламенттик угууда Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.
Анын айтымында, көпчүлүк жеке ишкерлер кызматкерлеринин, жумушчуларынын санын толук көрсөтпөй, социалдык жана башка салыктык төлөмдөрдү жүргүзбөстөн көмүскө иш алып барат.
«Натыйжада иштегендер келечекте медициналык тейлөөдөн жана пенсиядан куру калуу коркунучу бар. Алсак, мейманкалардын 88%ы, транспорт-жүктөрдү сактоо тармагындагылардын 81%ы, дүң жана чекене соода жүргүзгөндөрдүн 86%ы, курулуш тармагындагылардын 94%ы, айыл чарба тармагындагылардын 78%ы, кайра иштетүү тармагындагылардын 76%ы көмүскөдө же формалдуу эмес иш алып барышат», – деди.