Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкекте мектептерди эч бир тендерсиз эле, тарыхы дээрлик жокко эсе «Экспресс-строй КГ» деген компания курарын өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.
Анда депутат «Экспресс-Строй КГ» ЖЧК билим берүү мекемелерин курууга кандай жол менен укук алганына кызыккан.
Эч кандай жең ичинен сүйлөшүлгөн деген ойлорду жаратпоо үчүн Министрлер кабинети «Экспресс-Строй КГ» ЖЧК борбордо кандай жол менен мектептерди курууга укук алганын айтып береби? Артында тарыхы жок бул кандай компания? Жада калса жетекчиси тууралуу да маалымат аз экен.
Эгерде ишканага мындай укук жабык буйруктун негизинде берилсе, анда компаниянын өзүнүн жана жетекчилигинин репутациясы жөнүндө сөз кылуу керек. Түшүнүксүз эле Атантаев Эрмек Эдуардович өзүнүн “сулуу” көздөрү үчүн бюджеттен мындай пирог албаса керек», – дейт Бекешев.