Кыргызстандын мамлекеттик ири инвестицияларынын 40%ы энергетика тармагына жумшалат

Кыргызстандын мамлекеттик ири инвестицияларынын 40%ы энергетика тармагына жумшалат

Учурда КРгы ири мамлекеттик инвестициялардын 40%ы энергетика тармагына багытталган. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев «КРнын энергетика тармагын трансформациялоо» форумунда билдирди.

Анын айтымында, бул тармакта 25 миң жумушчу орун түзүлүп, ал жыл сайын өлкөгө өнөр жай продукциясынын 175ын жана 600 млрд сомдон ашык кирешени берет.

«Биздин электр энергиясын өндүрүү жылына 15 млрд киловатт-сааттан ашат. Бизде 3.9 гигаватт кубаттуулук бар. Бирок бул баары бир аздык кылат, энергетика тармагында дефицит бар. Кышында суроо-талап сунуштан ашып, электр энергиясын импорттоого туура келген. Мындай абалдын жаралышы тармакты реформалоо боюнча иштиктүү кадамдарды жасоо зарылдыгынан кабар берет», – деди Тилек Айталиев.

Ал белгилегендей, Энергетика министрлиги тармакты 2040-жылга чейин өнүктүрүү планын иштеп чыккан.

«Биздин аракеттер тартыштыкты нөлгө түшүрүп, профицитке жетүүгө багытталган. 2040-жылга чейинки планда энергияны үнөмдөө жана энергияны натыйжалуу пайдалануу каралган. Электр энергиясын үнөмдөө аны өндүрүүгө караганда оңой. Абоненттерге энергияны үнөмдөөнүн маанилүүлүгүн жеткирүү боюнча буга чейин бир топ иштерди жасаганбыз жана мындан ары да улантабыз», – деди ал.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери