«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 300 камера август айында ишке кирет

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 300 камера август айында ишке кирет

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 306 камера август айында толук ишке кирет. Бул тууралуу Жол эрежелерин көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, пандемияга байланыштуу долбоордун II этабын ишке киргизүү бир жылга узарып кеткен.

II этап менен өлкө боюнча 306 аппараттык комплекс толук иштеп баштайт. Булар азыркы тапта тесттик режимде иштеп жатат.

«Бардык аппаратык комплексти бир учурда иштетүү мүмкүн эмес, ошондуктан этап менен киргизүү талап кылынган. Азыркы тапта камералар өлкөнүн бардык аймагында коюлган. Алар да акырындык менен ишке кирет», – деди ал.

Исаев белгилегендей, азыркы тапта «Коопсуз шаар» долбоордун III этабын киргизүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, «Коопсуз шаар» натыйжасын берип жатат. Камералар коюлган жерлерде жол эрежелери так сакталып, айдоочулардын маданияты жогорулаган. Камералар орнотулган жерлерде жол кырсыктары 75%га кыскарган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери