Улуттук банк коммерциялык банктарга кардарларды тейлөөдө коопсуз банк ишин жүргүзүүдө жалпы эрежелерди, ошондой эле учурдагы экономикалык жана геосаясий жагдайды эске алуу менен иш алпарууну сунуштады. Бул тууралуу регулятордун билдирүүсүндө айтылат.
Мындай билдирүүсүн Улуттук банк кечээ, 6-апрелде ЖМКларда «Кыргызстан» коммерциялык банкынын Россиядагы «ишмердүүлүгү» тууралуу маалыматтар тарагандан кийин жарыялады. Маалыматта «Кыргызстан» коммерциялык банкы россиялык жарандарга өлкөдөн чыкпай туруп, чет өлкөдө иштей турган Visa карталарын бере турганын жарыялаганын, жекелештирилген «алтын картаны» банктын Москвадагы кеңсесинен 17.5 миң рублга алууга мүмкүн экенин жана бул өз кезегинде санкцияга кабылуу коркунучун жаратаарын «Коммерсантъ» гезити жазып чыгып, кийин бул кабар жергиликтүү ЖМКда тараган.
Ага байланыштуу Улуттук банк КРнын мыйзамдары жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен өлкөдө банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун бирдиктүү тартиби, анын ичинде КРнын жарандары, ошондой эле чет өлкө жарандары үчүн да эсеп ачуу, банктык төлөм карттарды алуу тартиби аныкталгандыгын маалымдады.
«Мында коммерциялык банктар кардарларды тейлөөгө кабыл алганга чейин кардарды өлкөлүк тобокелдиктерди кошо алганда, КРнын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарына ылайык текшерүү чараларын жүргүзүүгө тийиш.
Кардарларды тейлөөдө коопсуз банк ишин жүргүзүүнүн жалпы эрежелерин жана учурдагы экономикалык жана геосаясий жагдайды эске алуу менен кардарларды КРнын мыйзам талаптарына ылайык текшерүү боюнча ички контролдоону күчөтүү зарыл», – деп айтылат билдирүүдө.
Улуттук банк бардык маселелер боюнча, анын ичинде банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланышкан суроолор боюнча байланыш каналдары аркылуу түздөн-түз коммерциялык банктарга кайрылууну жана маалыматты тиешелүү деңгээлде текшерүүнү сунуштайт.