Депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстанда көмүр кендерине 394 лицензия берилгенин, бирок анын бирөө гана мамлекетке таандык экенин билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, 2022-жылга карата Кыргызстанда 6.5 млрд тонна көмүрдүн запасы бар. Алардын ичинен 5.2 млрд тоннасы Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Шурап, Алмалык жана Кавак көмүр кендеринде жатат. 1 млрд тоннадан ашыгыраагы Өзгөн бассейнинде, ошондой эле Көк-Жаңгак, Тегине, Таш-Көмүрдө.
2021-жылы республика боюнча 3 млн тоннага жакын көмүр казылып алынып, анын ичинен 1 млн тоннадан ашыгы сыртка экспорттолгон. Ошондой эле көмүр казып алуучу ишканалар бюджетке болгону 600 млн сом чегеришкен.
Токторбаев 2021-2022-жылдары күз-кыш мезгилдеринде Бишкек ЖЭБге 650 миң тонна көмүр башка мамлекеттен, Казакстандан импорттолгонун айтты.
«Анын тоннасын 4 миң сомдон сатып алганбыз. Жалпы 2.6 млрд сомду түзөт, бул 30 млн доллардын тегерегинде болот. Эгерде Бишкек ЖЭБди көмүр менен өзүбүз камсыз кылсак, 30 млн долларга 2 чоң экскаватор 650 даана жүк ташуучу машина сатып алсак болчудай», – деди ал.
Ошондой эле депутат Кыргызстанда көмүр кендерине 394 лицензия берилгенин билдирди.
«Анын ичинен 219 ишкана казуу иштерин баштаган. 219 ишканадан 1 гана ишкана мамлекетке таандык экен. Бул «Кыргызкөмүр» ишканасы болуп эсептелет. 99% лицензиялар жеке ишкерлерге таандык. Андыктан бюджеттик мекемелер кышта көмүр менен камсыздоодо жеке ишкерлерге көз каранды», – деди ал.
Токторбаев аталган тармакка тийиштүү саясат жүргүзүлбөй жатканын кошумчалап, бир катар мисалдарды келтирди.