Кыргызстанда бир суткада доллар 5 сомго көтөрүлдү – комбанктар 95 сомдон сатышууда

Кыргызстанда бир суткада доллар 5 сомго көтөрүлдү – комбанктар 95 сомдон сатышууда

Кыргызстанда доллардын курсу бир суткада 4-5 сомго көтөрүлдү. Бугүн, 6-апрелде саат 10:45ге карата банктар жана акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны орточо 92.8 сомдон сатып алып, 94.8 сомдон сатышууда.

Эске салсак, доллар кечээ эле 88.3 сомдон сатылып алынып, 89.9 сомдон сатылып жаткан эле. Ал эми valuta.kg порталы берген маалыматка таянсак, бүгүн эртең менен 1 доллардын сатып алуу 92.8 сомдун айланасында болсо, сатуу наркы учурда 94.8сомду түзүүдө. Ошол эле кезде комбанктар 1 долларды 95 сомдон сатышууда.

Ал эми Улуттук банктын 6-апрелге карата расмий курсу 85.7 сомду (-0.08%) түздү.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери