Депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында КРгы алтын кендердин лицензияларын жана келишимдерди карап чыгууну сунуштады.
Эл өкүлү «Каз Минералз Бозымчак» (Бозымчак), «Вертекс Голд Компани» (Жамгыр), «Чаарат Заав» (Чаарат), «Кичи Чаарат» (Куру-Тегерек), «Чаарат Түлкү Баш», «Иштамберди», «Куран Жайлоо» сыяктуу алтын кендери менен сөзсүз түрдө келишимдерди кайра карап чыгуу керектигин айтты.
«Аларга мамлекеттин 30%дан кем эмес үлүшүн киргизишибиз керек. Мыйзам артка күчү жок деп эле отура беребизби. Биздин элдин байлыгын сыртка тоноп-ташып чыгып кетише береби? Ушул маселени чечүүгө бел байлашыбыз керек», – деди Токторбаев.
Депутат аталган компаниялардын баарына өзүнүн атынан суроо жөнөткөнүн, кийинки жыйындарда анын жыйынтыгын айтаарын билдирди.