«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин уставдык капиталы дагы 800 млн сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) маалыматы тастыктайт.
Өткөн соода жумасында улуттук холдинг 100 сомдук номиналдык баада 2-чыгарылыштагы акцияларын жайгаштырган. Аны баалуу кагаздардын биринчи жана жалгыз акционери болгон, холдингдин уставдык капиталын жыл аягына чейин 1 млрд сомго чейин көтөрүүгө милдеттендирилген Финансы министрлиги сатып алган.
Бул бүтүм КФБ боюнча жалпы соода көлөмүнүн дээрлик 61%ын ээлеп, жуманын эң ири соодасы болду.