Нургүл Сатарова 4-апрелден тарта «Бакай Банк» ААК башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечимди банктын директорлор кеңеши кабыл алган. Эске салсак, 29-мартта банктын башкармалыгынын экс-төрагасы Оксана Соломконун берген арызына ылайык, анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.