«Альянс Алтын» ЖЧК профсоюзу жамааттык келишимге ылайык алгачкы төлөмдөрүн жүргүздү

«Альянс Алтын» ЖЧК профсоюзу жамааттык келишимге ылайык алгачкы төлөмдөрүн жүргүздү

«Альянс Алтын» ишканасынын профсоюзу жамааттык келишимге ылайык алгачкы төлөмдөрүн жүргүздү.

Келишимде ишкананын кызматкерлеринин жакын туугандарын акыркы сапарга узатуу үчүн 10 миң сом өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөө каралган. Бүгүнкү күндө бул төлөмдөрдү 11 адам алган жана анын жалпы суммасы 110 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле 50, 55, 60 жана 65 жашка толгон (ишканада 5 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иш стажы болгон) кызматкерлерге 5 миң сом өлчөмүндө бир жолку пособие төлөп берүү каралган. 4 кызматкер тарабынан жалпы суммасы 20 миң сомдук тиешелүү төлөмдөр алынган.

Мындан тышкары, ишкананын кызматкери никеге турганына карата 5 миң сом өлчөмүндө бир жолку төлөм каралган. Бул акчаны үч киши алган.

Дагы тогуз кызматкер бала төрөлгөнүнө байланыштуу 3000 сомдон бир жолку жөлөк пул алышкан. Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 27 миң сомду түзгөн.

Эске салсак, жамааттык келишимге 2021-жылдын сентябрь айында «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов менен профсоюздук комитетинин төрагасы Кубат Болотканов кол коюшкан. Келишим профсоюз мүчөлөрүнүн бардык сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн жана КРнын Эмгек кодексине толук жооп берет. Анын негизги максаты – ишканада иштөө үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери