Улуттук банк доллардын курсун текшилөө үчүн экинчи интервенцияны жасады – банктардан 14.5 млн доллар сатып алды

Улуттук банк доллардын курсун текшилөө үчүн экинчи интервенцияны жасады – банктардан 14.5 млн доллар сатып алды

Улуттук банк кечээ, 31-мартта 14.5 млн доллар өлчөмүндөгү чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча экинчи жолу валюталык интервенция жүргүздү. Бул тууралуу регулятордун сайтында айтылат.

6.8 млн долларды сатып алуу бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен ишке ашырылган. Улуттук банк дагы 7.7 млн долларды кийинчерээк алат – бул бүтүмдөр интервенция жасалган күндөн башка датага карата түзүлгөн.

Эскерте кетсек, 30-мартта дагы Улуттук банк валюта рыногуна чыгып, долларды сатып алуу боюнча интервенция жасап, анда банктардан 5.4 млн доллар сатып алган болчу.

Белгилей кетсек, Улуттук банк акыркы төрт жылдан бери биринчи жолу чет элдик валютаны сатып алуу боюнча тетири (адатта сатчу) интервенция жүргүздү. Акыркы жолу 2018-жылдын февраль айында регулятор 5.5 млн доллар сатып алган. Ал кезде доллардын расмий курсу 68.2 сомду түзүп турган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт 1 февраля 2023 г.    15:01
«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз 1 февраля 2023 г.    13:47
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
Кыргызстандыктар көбүрөөк экзотикалык өлкөлөргө кетип, фрилансер болуп иштеп башташты — Head Hunter 1 февраля 2023 г.    10:04
Технология тармагындагы айымдардын башын бириктирген Techno Women Kyrgyzstan 2023 иш чарасы өттү 1 февраля 2023 г.    9:48
Комбанктардын депозиттик портфели өткөн жылы дээрлик 340 млрд сомго жетти 1 февраля 2023 г.    9:24
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери