Украинадагы согушка байланыштуу Кыргызстандын экономикасынын өсүү болжолу 4%га төмөн болушу мүмкүн – ЕРӨБ

Украинадагы согушка байланыштуу Кыргызстандын экономикасынын өсүү болжолу 4%га төмөн болушу мүмкүн – ЕРӨБ

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Украинадагы согушка байланыштуу Кыргызстандын экономикасынын өсүү болжолун 4%га төмөн болоорун билдирди. Бул тууралуу ЕРӨБдүн акыркы макроэкономикалык отчетунда айтылат.

Жылдын акырына чейин республиканын ИДПсынын өсүшү 1%ды гана түзөрү күтүлүүдө. Ошол эле учурда Moody’s эл аралык рейтинг жүргүзүүчү агенттиги да 1% төмөндөө болорун болжолдоодо.

«КР жок дегенде расмий көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө жагдайда болушу мүмкүн. 2022-жылдын январында өлкөдө салыктык жана бажылык башкаруу боюнча масштабдуу реформалар жүргүзүлдү, бул мыйзамсыз сооданын жана формалдуу эмес экономикалык ишмердүүлүктүн кыскарышына алып келиши мүмкүн», – деп айтылат маалыматта.

ЕРӨБ Кытайдын КРга экспорттоо боюнча маалыматтары Кыргызстан расмий берген маалыматтардан дайыма 5-6 млрд долларга жогору болоорун белгиледи.

«Жүргүзүлүп жаткан реформалар аткезчиликти ооздуктоодо жарым-жартылай ийгиликтүү болду деп эсептесек, КРда жакынкы бир нече жылда фискалдык кирешелердин жана ИДПнын расмий көрсөткүчтөрүнүн олуттуу өсүшү байкалатн байкайт», – деп айтылат докладда.

Бирок ЕРӨБ парадоксалдуу түрдө, иш жүзүндөгү кирешелерге таасири соода көлөмүнүн төмөндөшүнөн улам терс болушу мүмкүн экендигин белгилейт.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Быйыл Улуу Британияга 2 миң кыргызстандык сезондук жумуштарга барышат 1 февраля 2023 г.    17:45
Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотула баштады 1 февраля 2023 г.    16:47
«Газпром Кыргызстан»: ким кимге канча карыз? 1 февраля 2023 г.    16:02
ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт 1 февраля 2023 г.    15:01
«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз 1 февраля 2023 г.    13:47
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери