Мамлекеттик ипотекалык компания быйыл 1435 батир курууну пландап жатат. Бул тууралуу «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын төрайымы Аида Төлөгөнөва «Ишеним» фракциясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, программанын алкагында жарандарды 5 жылда 15 миңден кем эмес үй менен камсыз кылуу планы коюлган. Ошондой эле 2021-жылы 1 млрд 600 млн сом өлчөмүндө 732 кредит берилген.
«2022-жылы болсо 93 миң 484 чарчы аянт, тагыраак айтканда, 1435 батирди Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Кара-Кол, Нарын, Кара-Балтада курууну пландап жатабыз. 3 млрд 580 млн сом насыя берилет деп пландаштырылууда», – деди Төлөгөнөва.
Ошондой эле МИКтин төрайымы Бишкек мэриясы менен жер тилкелерин алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана инвесторлор келип жатканын кошумчалады.