КРнын жарандарына Улуу Британиянын айыл чарба тармагында иштеп келүүгө 1000 квота бөлүндү

КРнын жарандарына Улуу Британиянын айыл чарба тармагында иштеп келүүгө 1000 квота бөлүндү

Үстүбүздөгү жылы КРнын жарандарынын Улуу Британия өлкөсүндө айыл чарба багытындагы мезгилдик жумуштарга иштеп келүүсү үчүн 1 миң квота бөлүндү. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди. 

Акматбеков 16-мартта Улуу Британиядагы AgriHR компаниясы менен келишим түзүлгөнүн, ага ылайык, жарандар 6 айга чейин айыл чарба жумуштарында иштөөгө мүмкүнчүлүк бергенин айтты.

Улуу Британиянын мамлекеттик программасы 2024-жылга чейин созулат. Акматбеков учурда 1 миң квота бөлүнгөнүн айтып, Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борбору тандоо процессине эч кандай тиешеси жоктугун билдирди. 

AgriHR компаниясынын Кыргызстандагы филиалынын директору Айгүл Эшенкулова Улуу Британиянын айыл чарба тармагына жумушчуларды тартуу боюнча мамлекеттик программасы 1948-жылдан бери иштеп келе жатканын айтып, программа мамлекеттик болгондуктан компания кызмат акы албай тургандыгын жана жарандар бир гана визага, учак билетине жана ал өлкөдө иштеп, айлык алганга чейинки чыгымын өзү жаба тургандыгын айтты.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды 25 января 2023 г.    17:38
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат 25 января 2023 г.    12:41
Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди 25 января 2023 г.    11:28
Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады 25 января 2023 г.    10:49
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери