19-марттан 4-апрелге чейин Индиянын Харьяна штатындагы Фаридабад шаарында жыл сайын өтүүчү 35-Эл аралык «Суражкунд Мела» аттуу салттуу кол өнөрчүлүк фестивалында кыргыз кол өнөрчүлөрү да өз эмгектерин көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
«Көргөзмөдө Кыргызстандык кол өнөрчүлөр улуттук кийим-кече жана тиричилик буюмдарын, ошондой эле кургатылган мөмө-жемиш жана бал түрүндөгү айыл чарба азыктарын тартуулашты. Кыргызстандын павильону жергиликтүү тургундардын жана башка өлкөлөрдөн келген коноктордун сүймөнчүлүгүнө ээ болууда», – деп айтылат маалыматта.
Фестивалдын идеясы – айылдын оригиналдуу кол өнөрчүлүгүнүн жана дүйнөнүн элдик бийлеринин бардык түрлөрүн тартуулоо болуп саналат.
Фестиваль ошондой эле колго жасалган улуттук сувенирлерди жайылтуу максатында өткөрүлүүдө. Индиянын бардык жерлеринен жана башка өлкөлөрдөн келген таланттуу жана жогорку кесипкөй кол өнөрчүлөр типтүү айылдык шартта устачылыктын бай салттарын көрсөтүшөт.
Быйыл фестивалга Индия штаттарынан тышкары дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүнүн өкүлдөрү катышууда.