Айыл чарба тармагын насыялоого «Айыл банкка» 272 млн сом берилди

Айыл чарба тармагын насыялоого «Айыл банкка» 272 млн сом берилди

КРнын Улуттук банкына топтолгон 271.7 млн сом кайтарымдуу финансы каражаттары «Айыл банк» ААКга өткөрүлүп берилди. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун кабинеттин маалымат кызматы билдирди.

Кабыл алынган чечимдин алкагында, Финансы министрлигине «Айыл банк» ААК менен тийиштүү карыз милдеттенмесин түзүү тапшырылган.

«Айыл банк» алынган финансы каражаттарын айыл чарба субъекттерине жана кайра иштетүүчү ишканаларга айыл чарба, сугат техникаларын, машиналарды жана жабдууларды лизингге алууга 7 жылга чейинки мөөнөткө, улуттук валютада жылына 6% менен берүү үчүн багыттоосу сунушталган. 

Белгилесек, өткөн жылдын соңунда «Айыл Банк» ААК коомуна айыл чарба, кайра иштетүүчү техникаларды, жаадыргыч машиналарды жана тамчылатып сугаруу үчүн жабдууларды лизингге берүүгө кредиттик линия ачуу үчүн 426.6 млн сом бөлүнгөн.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери